Орусияда поезд Тез жардам унаасын сүзгөн. Бир адам көз жумду (видео)

Комсомольск-на-Амуре шаарында поезд менен Тез жардам унаасы кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу REN TV каналы жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен үч адам жабыркаган. Алардын бири оор жаракат алгандыктан, дарыгерлер сактап кала алышкан эмес. Калган жабырлануучулар ооруканага жаткырылган. Азырынча кагылышуунун чоо-жайы айтыла элек.