Орусияда полиция документтерин текшерип жатканда каза болгон мигранттын өзбекстандык экени маалым болду

Буга чейин Москвада Борбор Азиядан келген 48 жаштагы мигрант документтерди текшертип жатып каза болгон. Анын Өзбек жараны экени маалым болду.

«Жүк жүктөп иштеген бир туугандар Отабек менен Улугбек  жумуштан кийин Добролюбова өтмөгүндөгү курулушта спирт ичимдиктерин ичип эс алып жатышкан. Милиция кызматкерлери документтерди текшерүү үчүн мекемеге рейд жүргүзүшкөн. Бир туугандардын колунда документ болгон эмес. Отабек күтүүсүздөн ооруп калып, Тез жардам менен ооруканага жеткирилип, ошол жерден каза болгон», — деп белгиледи Маш каналы.

Анын сөөгү 25-майда Өзбекстанга жөнөтүлгөн.