Орусияда президенттик шайлоо 17-мартта өтөт

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтөт. Тийиштүү чечимди 7-декабрда Федерация кеңеши кабыл алды.

Маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоого катышарын азырынча жарыялай элек. Ошол эле маалда, ноябрдын башында Reuters агенттиги булактарына таянып, орус лидери бешинчи президенттик мөөнөткө талапкерлигин коюуну чечкенин билдирген.

Бир нече саясатчы буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. Алар Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Борис Надеждин, мурдагы коргоо министри Игорь Стрелков,  «Яблоко» партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, «Жаңы адамдар» фракциясынын башчысы Алексей Нечаев.