Кемерово облусундагы «Листвяжная» көмүр кенинде жарылуудан 9 киши түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук администрациянын сайтында маалымдалды.
«Шахтада 285 адам болгон. Анын ичинен 237 адам чыгарылды. Шахтада 49 адам калды, саат 15:05те алардын тогузунун жансыз денеси табылган», — деп айтылат маалыматта.
Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилевдин айтымында, 43 адам тийиштүү ооруканага жеткирилген. Алардын төртөөнүн абалы оор. Маалыматка караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:51де катталган. Учурда иш токтоп турат.