Тула облусунун онкологу сый акы алуу үчүн 13 бейтапка рак диагнозун койгон.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Суворов шаарынын дарыгери бейтаптардагы онкологияны алгачкы баскычта аныктоо үчүн сый акы берилээрин билип туруп, 13 бейтапка рак диагнозун койгон. Бирок аларды иш жүзүндө дарылаган эмес.
Айыпталуучу облустук бюджеттен 39 миң рубль алган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын унаасы жана банк эсеби камакка алынган. Прокурор кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусун бекитип, сотко жөнөткөн.