Орусияда терезеден чыгарылган салмагы 300 килограммдык киши каза болду (видео)

Куткаруучулар тарабынан үйдөн чыгарылган 300 килограмм салмактагы адам реанимацияда каза болду. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Ага кант диабети жана жүрөк кемтиги деген диагноз коюлган жана анын ашыкча салмагы анын ооруларына терс таасирин тийгизген. 

Буга чейин ал кишини ооруканага жаткыруу үчүн батиринин терезесиндеги темир торлорду кесип чыгарышкан. Себеби ал эшикке батпай калган.