Орусияда убактылуу жашоого уруксат жана жашоого уруксат алууга талаптар күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзам 25-январда күчүнө киргенин ТАСС жазды.
Эми чет өлкөлүктөр Орусия жараны менен үч жылдык никеден кийин же балалуу болгондон кийин гана убактылуу жашоого уруксат ала алышат. Эгерде нике жок болсо, анда сот жубайлардан Орусияда үч жылдан кем эмес чогуу жашагандыгын жана баланы багууга жана тарбиялоого эки тараптын тең катышкандыгын тастыктоону талап кылат. Буга чейин мындай чектөөлөр болгон эмес.
Убактылуу жашоого уруксат 3 жылга берилсе, жашоого уруксат мөөнөтсүз берилчү.