Орусияда парашютчулар бар учак кырсыгынан каза болгондордун саны 9га жетти

Орусиянын Сибирь аймагындагы Кемерово шаарында парашют спортчулары бараткан учактын аянтка катуу конушунан улам кырсык болуп, учактагы 9 адам каза болду. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаал министрлигинен берилген маалыматка ылайык, парашютчулар бара жаткан «Л-410» моделиндеги жеңил моторлуу учак учуу учурунда кыймылдаткычтарынын бирөөсү иштебей калган. Учакта 24 адамдын болгондугу, 9 адамдын каза болгондугу, 15 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди. Окуя боюнча тергөө иши башталды.