Орусияда учактагы рейске кечигип барган адам авиакассанын айнегин талкалап салды (видео)

Москванын Шереметьево аэропортунда рейске кечигип барган адам акчасын жана жүгүн кайтарып берүүнү талап кылып, авикассанын терезесин сындырып салган. РИА Новости анын кармалганын билдирди.

Жүргүнчү каттоого бир саат кечигип, адегенде авиакомпаниянын өкүлдөрү менен урушуп, андан соң турган тосмону алып, аны менен айнегин сындырган.