Орусияда уйдун тезегин алыстыкка ыргытуу боюнча жарыш өттү (фото)

Орусиянын Пермь аймагында «Весёлый коровяк» аталыштагы спорттук жарыш болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган «өзгөчө» түрдөгү спорттук жарыш Пермь аймагында 12 жылдан бери өткөрүп келет. Пандемия учурунда токтоп калып, быйыл алгачкы ирет өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында катышуучулар тезекти алыстыкка ыргытуу, бакан менен суу ташуу, жубу менен тактайга чыгып алып жарышуу оюндары уюштурулуп, лотерея ойнотулган. Тезекти 64 метр алыстыкка ыргыткан жаран жарыштын чемпиону аталган. «Тезектерди тиштесең да сага эч нерсе болбойт. Бул цементтей катуу, жыты да жок, кийимдер да булганбайт. Мына сага табигый боулинг», — деген жарыштын катышуучусу. Жалпы иш-чарага 500 киши келгени айтылат.