Орусияда украин туткундарын ташып бара жаткан учактын кыйрашы боюнча Зеленський үн катты

Украинанын президенти Володимир Зеленський орус бийлигинин маалыматы боюнча украиналык согуш туткундарын алмашуу үчүн ташып бараткан орусиялык Ил-76 аскердик учагынын кыйрашына комментарий берди.

Анын айтымында, ал Украинанын Коргоо министрлигинин, Куралдуу күчтөрүнүн, Коопсуздук кызматынын жана аскердик чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнө телефон чалып, алардын маалыматын уккан. 

«Орустар украиналык туткундардын өмүрү, алардын жакындарынын сезимдери жана биздин коомдун сезимдери менен ойноп жатканы айдан ачык. Бардык ачык-айкын фактылар белгилениши керек. Учак Орусиянын аймагына — биздин көзөмөлүбүздөн тышкары кулаганын эске алуу керек», — деди ал.

Бирок Зеленський орусиялык Ил-76 учагын ким атып түшүрүшү мүмкүн экенин жана анын кулашына эмне себеп болгонун айткан жок.

Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учак кулап түшкөн. Бир катар маалымат булактары Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен учактын бортунда Белгород облусуна алмашуу үчүн жеткирилген украиналык аскер кызматкерлери, ошондой эле экипаждын алты мүчөсү жана аны коштоп жүргөн үч адам болгонун кабарлашты.

Учакта жалпысынан 74 адам болгон. Алардын арасында туткунга түшкөн украиналык 65 аскер кызматкери, алты экипаж мүчөсү жана үч коштоп жүргөн адам бар.