Орусиядагы концерттик залда ок атылды. Каза болгондор бар (видео)

Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. РИА Новости жазгандай, залга камуфляжчан 3 киши кирип барып, ок чыгарган. Жаракат алгандар бар. Андан соң жарылуу болуп, өрт чыккан.

ФСБ каза болгондор бар экенин билдирди. Азырынча каза болгондордун так саны айтыла элек.

Москванын мэри Сергей Собянин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, «Крокус сити холлдо» болгон окуяны трагедия деп атады.