Орусиядагы май куюучу жайдын жарылуусунан каза болгондордун саны 35ке жетти

Махачкалада өрттөн каза болгондордун саны 35ке жеткенин, жарылуу болгон жерде урандылардын астынан 5 беш адамдын сөөгү табылганын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Дагы 75 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жардыруу 14-август күнү кечинде Махачкаланын четиндеги май куюучу станцияда болгонун Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, унааларды техникалык тейлөө станциясында жарылуу болуп, өрт май куюучу жайга өтүп кеткен.