Орусиядагы мектепте ок атылып, каза болгондордун саны 13кө жетти

Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан 13 адам каза болду. Буга чейин каза болгондордун арасында эки күзөтчү, эки мугалим жана беш мектеп окуучусу бар экенин Тергөө комитети билдирген. Дагы бир нече киши жарадар болду.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Окуя бүгүн, 26-сентябрда эртең менен болгон. Удмуртиянын башчысы Александр Бречалов 20га жакын адам жабыркаганын билдирди. Ок аткан адам өз жанын кыйган, анын өздүгү азырынча тактала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал ок атуучу эки тапанча менен куралданган.