Орусиядагы мигранттардын орточо айлык акысы канча сомду түзөт?

Орусиядагы мигранттардын орточо айлык акысы 47 миң 100 сомду түзөт. Бул тууралуу Орусиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, адистер 2021-жылы Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган 4739 мигранттан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, жаңы баргандар орточо эсеп менен 77 200 рубль табууну каалашканы маалым болгон. Ошондой эле орус тилин начар билгендер 37 миң рубль, ал эми жакшы билгендер 49 миң рубль алаары белгиленген.