Орусиядагы мобилизациядан кимдер бошотулат? Коргоо министрлиги тизме жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизациянын алкагында кызматкерлери чакырылбай турган тармактардын тизмесин жарыялады.

«Айрым жогорку технологиялык өндүрүштөрдүн, ошондой эле Орусиянын каржы системасынын иштешин камсыз кылуу максатында тиешелүү адистиктер жана багыттар боюнча жогорку билими бар жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоонун алкагында аскердик кызматка алынбоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бошотулат:

— маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү чечимдерди  иштеп чыгууга, ишке ашырууга, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жана маалыматтык инфраструктуранын иштешин камсыз кылууга тартылган маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү адистер;

— орусиялык байланыш операторлорунун кызматкерлери жана Орусия Федерациясынын байланыш каражаттарынын, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун, ошондой эле жалпы пайдалануудагы байланыш каражаттарынын жана линияларынын туруктуулугун, коопсуздугун жана иштешинин бүтүндүгүн камсыз кылууга катышкандар;

— «маалымат жана байланыш чөйрөсүндөгү уюмдардын» кызматкерлери;

— «улуттук төлөм системасынын жана финансы рыногунун инфраструктурасынын туруктуулугун, банктык ликвиддүүлүктү башкарууну, накталай акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу» уюмдарда иштегендер.