Орусиядагы мобилизациядан улам Москвадан Борбор Азия өлкөлөрүнө билеттердин баасы кескин кымбаттады

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Москвадан Борбор Азия өлкөлөрүнө авиабилеттер кымбаттады. Бул тууралуу Центральная Азия жазды.

Маалыматка караганда, Aviasales.ru сайтында Ташкентке (Өзбекстан) 21 жана 22-сентябрга билеттер сатылып бүткөн. 23-сентябрга билеттер эң арзан дегенде 63 миң 684 рублга сунушталган. Бул түз каттам үчүн.