Орусиядагы окуу жайда каза болгондордун саны, аты-жөндөрү такталды (сүрөт)

Пермь мамлекеттик университетинде болгон ок атуунун кесепетинен 18 жаштан 66 жашка чейинки алты адам каза болгонун Пермь крайынын Коопсуздук министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, алты адам студент Тимур Бекмансуровдун огунан каза болгон.

Алар:

1. Маргарита Энгаус — 66 жашта;

2. Ярослав Арамелев — 19 жашта;

3. Ксения Самченко — 18 жашта;

4. Екатерина Шакирова — 19 жашта;

5. Анна Айгельдина — 26 жашта;

6. Александра Мохова — 20 жашта.

Кечээ, 20-сентябрда эртең менен юридикалык факультеттин студенти Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имаратында ок чыгарган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Каргашалуу окуяга байланыштуу Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин 21-сентябрды ок атуу учурунда каза болгон жарандарга аза күтүү күнү деп жарыялады.