Орусиядагы ооруканада чыккан чыр карыянын өлүмү менен аяктады

Санкт-Петербургда Мариинский ооруканасында бир бейтап экинчисин палатада бычак менен сайып салды. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, маркум 82 жашта. Адам өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы жаран кармалган. Буга чейин ал адам өлтүрүү жана баңгизат сатуу боюнча жазасын өтөгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, эртең менен алар уруша кетип, 47 жаштагы жаран карыяга бычак менен кол салып, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайган. Пенсионер окуя болгон жерден каза болгон. Соттун чечими менен ал камакка алынды.