Орусиядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думага болгон шайлоодо бюллетендерди 100 пайызын санады, акыркы саноонун жыйынтыгы боюнча беш партия парламенттин палатасына киргенин РБК жазып чыкты.

Федералдык округда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

«Единая Россия» — 49,82%

КПРФ — 18,93%

ЛДПР — 7,55%

«Справедливая Россия — За правду» — 7,46%

Новые люди — 5,32%

Ал эми калган партиялар 5 пайыздык босого чектен өткөн эмес. Думага жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Орусияда 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин өттү. Шайлоого катышуу 51 пайыздан ашты.