Орусиядагы трассада 50дөй унаа сүзүшүп, 4 адам каза болду (видео)

Новгород облусунда М-11 Нева унаа жолунун 525-чакырымында 30га жакын унаа кагышып, төрт адам, анын ичинде жашы жете элек каза болгонун ИИМдин аймактык башкармалыгы телеграм-каналында билдирди.

Кырсык кечээ, 8-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40 чамасында болгон (Москва убактысы боюнча). Москва тарапка унаа кыймылы убактылуу жабылды. Айдоочулар үчүн айланма жол уюштурулду.

Новгород облусунун губернатору Андрей Никитиндин айтымында, трассада 50гө жакын унаа кагышкан. Облус башчысы кырсык болгон жерге чатыр тигип, элди ысык тамак-аш, суусундук менен камсыздоо ниетинде экенин кошумчалады. Тергөө комитети кырсыктын алдын ала себеби катары аба ырайынын начардыгы деп атады.