Орусиядагы университетте ок атуу болуп, 8 адам көз жумду (видео)

Пермь Мамлекеттик улуттук изилдөө университетине болгон куралдуу кол салууда сегиз адам каза болуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитети маалымат таратты. 

Кол салуу 20-сентябрдын таңында болгон. Маалыматтарга караганда, университеттин студенти ок аткан. «Шектүүнүн аты-жөнү аныкталды. Каршылык көрсөтүүгө байланыштуу кармоо учурунда ал жарадар болгон», — деп айтылат маалыматта. Тергөөчүлөр адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгошту. 

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары ок атууну Тимур Бекмансуров аттуу 18 жаштагы жигит уюштурганын жазып чыгышкан. Окуядан бир нече мүнөт мурун анын ВКонтакте баракчасында университетке болгон чабуулду сүрөттөгөн пост пайда болгон. Бул баракты учурда окуу мүмкүн эмес.