Орусиядагы заводдо өрт чыкты (видео)

Ростов облусунда Шахтинский полиэфир заводу өрттөндү. Бул тууралуу “161” басылмасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Өрт башталганга чейин жергиликтүү тургундар катуу жарылуунун үнүн угушканы белгиленген. Булактын айтымында, завод жеңил өнөр жай үчүн полиэстер штапель буласын чыгаргандыктан, өрттүн түтүнүндө уу болушу мүмкүн. Маалым болгондой, учурда бийлик бул окуя боюнча комментарий бере элек. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.