Орусиялык актер Дмитрий Писаренконун жансыз денеси өз батиринен табылды

Орусиялык актер Дмитрий Писаренконун жансыз денеси өз батиринен табылды. Бул тууралуу Лента.ру билдирди.

Маалыматка караганда, ал жакындары менен байланышка чыкпай калган. Жакын тууганы анын батирине келген, бирок эшикти эч ким ачкан эмес. Ал полиция кызматкерлерин чакырып, эшикти ачтырган. Батирдин ичинен актердун жансыз денеси табылган.

Актердун өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз. Ал 61 жашта болчу.

Писаренко 26 кинопроекттерге тартылган. Анын ичинде «Падыша Иван Грозный», «Киши өлтүрүүгө шериктештик», «Марал Аңчылык» жана «Алтын», ошондой эле «Михайло Ломоносов» жана «Өмүрүнүн жээги» сериалдарында роль ойногон.