Орусиялык алпаруучу Михаил Зеленскийдин жубайы жолдошунун өмүрүнүн соңку мүнөттөрүн айтып берди

Орусиялык алпаруучу Михаил Зеленскийдин жубайы Мила Рубинчик жолдошунун өмүрүнүн соңку мүнөттөрүн айтып берди. Ал 11-январда Доминиканада эс алып жүргөн учурда 46 жашында каза болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

«Баары капыстан эле болуп кетти. Биз отелдин аймагында болчубуз. Өз иштерибиз менен алек болуп, мен анын жанында элем. Бир кезде ал өзүн начар сезип, анын абалы бир канча мүнөттө эле жаман болуп кетти. Биз медициналык жардам көрсөтүлчү пунктка жетерибиз менен анын кире беришинен жүрөк оорусу кармап калды. Тез жардам бат эле келди, бирок жолдошумдун өмүрүн сактап ала алышкан жок. Дарыгерлер жардам берүүгө деле үлгүрбөй калышты», — деген жубайы.

Михаил Зеленский «Россия» телеканалында жаңылылыктар чыгарылышын алып барып, андан тышкары «Вести-Москва» берүүсүн алып барып, «Россия 24» жана «Культура» телеканалдарында эмгектенген.