Орусиялык белгилүү блогерлер Лерчек менен анын мурдагы жолдошу кайра кармалды

Орусиялык белгилүү блогерлер Валерия Чекалина менен анын мурдагы жолдошу Артем Чекалин кайра кармалды. Орусиянын укук коргоо органдары видео жарыялады.

Маалыматка караганда, мурдагы жубайлар чет өлкөгө мыйзамсыз акча алып чыгуу боюнча айыпталып жатышат. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кеп кеминде 251 миллион рубль суммасында болуп жатат. РИА Новости билдиргендей, алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, блогер Лерчек жана анын мурдагы күйөөсү жасалма документтерди колдонуу менен резидент эместердин эсебине акча которгон. Акча Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялардын бирине жөнөтүлгөн. Жубайлар менен бирге косметикалык соода компаниясынын негиздөөчүсү Роман Вишняк дагы кармалган.

Блогерге салык төлөөдөн качкан деген берене боюнча кылмыш иши былтыр март айында козголгон. Анын күйөөсү салык төлөөдөн качкан деп айыпталган. Ошол эле айда алар акчаны адалдоого айыпталган. Мурдагы жубайлар мамлекетке 500 миллион рублдан ашык төлөшкөн. Бул окуядан кийин түгөйлөр эки жолго түшкөн. Алардын 3 баласы бар.