Орусиялык белгилүү мушкердин өлүм алдында эмне жегени маалым болду

Орусиялык белгилүү мушкер Александр Писарев 33 жашында каза болду. Бул тууралуу «Стар Хит» жазды.

Каргашалуу күнү Писарев жубайы экөө дарбыз жеп, андан кийин ичтери ооруй баштаган. Жубайлар эки жолу Тез жардам чакырышкан. Кесепетинен Александр каза болуп, жубайы ооруканада жатат. 

«Алдын ала диагноз — тамак-аш азыктарынын курамындагы уулуу заттардын таасири», — деп айтылат маалыматта. Келинчегинин айтымында, ал күнү ал достору менен вино ичип, кургатылган козу карын жешкен. Балким бул да ууланууга себеп болгон болушу мүмкүн.

Айта кетсек, Александр Писаревдун өзүнүн буга чейин аткандары боюнча, өнөкөт оорулары болгон эмес, бирок ал бир нече убакыт рингге чыккан эмес. Спортчу акыркы беттешин 2020-жылдын февраль айында өткөргөн — анда мекендеши Максим Усоянга утулуп калган.