Орусиялык блогер Евгений Понасенков кармалды

Москвада орусиялык блогер Евгений Понасенков 6-июнда болгон мушташтан кийин кармалды. Бул тууралуу Baza жазды.

Маалыматтарга караганда, блогер жана анын досу 60 жаштагы эркек киши менен чырдаша кеткен. Блогердин досу эркек кишини түртүп жиберген, ал башы менен катуу кулап, ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин блогер да, анын досу да кармалды. Блогер мушташка катышпаганын айтып, экөө кийин чакырган учурда келип туруу милдети менен бошотулду.