Мигранттар Орусияда тапкан акчасын өз мекенине чыгарып, чет элдик валютага болгон суроо-талапты жасалма түрдө жогорулатып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Коммунисттик партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Орусияда иштеген миллиондогон мигранттар жыл сайын тапкан акчасын мекенине жөнөтүшөт. Бул боюнча так маалыматтар бир нече жылдан бери жашырылып келген, бирок колдо болгон маалыматтар бизде ондогон миллиард доллар тууралуу сөз болуп жатканын көрсөтүүдө», — деп жазган Матвеев.
Орусиядагы миллиондогон мигранттар тапкан акчасын Орусиядагы экономикадан чыгарып, мекенине жөнөтүп жатышат. Бир-эки жылдан бери бул которуулардын толук статистикасы жабылды, бирок чоң суммадагы акча экенин айтышат.