7-февралда белгилүү фигурист Роман Костомаровдун буттарынын согончогунан баштап ампутацияланган, ал эми кечээ, 13-февралда ал колунун бир бөлүгүнөн ажыраганы белгилүү болду. Ага экинчи жолу операция жасалып, эки колунун учу кесилгенин Орус ЖМКлары жазып чыгышты.
46 жаштагы чемпиондун жакындарынын эч кимиси эмне болуп жатканын айта элек. Ал эми жубайы анын жакында сакайып, башынан өткөнүн өзү айтып берерине ишенгендиктен, коомчулуктан анын тынчын албоосун суранган.
Бир ай мурун Роман Костомаров көкүрөгү ооруп ооруканага түшкөн. Күн сайын спорт жылдызынын абалы начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.