Орус актрисасы Юлия Пересилдь, кинорежиссер Клим Шипенко жана космонавт Олег Новицкий менен «Союз МС-18» космос кемесинин түшүүчү машинасы Казакстандын талаасына конду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Конуу бүгүн эртең менен Жезказган шаарынан 148 чакырым алыстыкта болгон. Экипаждын мүчөлөрү Эл аралык космос станциясында (ЭКС) алар 12 күн бою көркөм тасма тартуу үчүн болушкан.
«Люктардын герметикалык жактан ишенимдүүлүгүн текшерген соң «Сокол-КВ-2» авариялык-куткаруучу скафандрларды кийип, экипаж МКСтен саат таңкы 4:14тө бөлүнүп чыккан. Ал эми саат 6:42де кыймылдаткычты иштетип, орбитадан акырындык менен чыга баштады. Мындан соң «Союз» өзүнчө бөлүктөргө ажырап, анын кое берүүчү аппараты акырындык менен атмосферанын тыгыз катмарына кирди. Көп өтпөй негизги парашют ачылып, саат 7:35те экипаж «Ю.А. Гагарин» аппараты менен Казакстандын Жезказган шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 148 чакырым аралыктагы талаага аман-эсен келип конду», — деп айтылат маалыматта.
Биринчи жолу «Чакырык» тасмасынын үстүндө иштөө ЭКСте өттү. Бул космосто тартылган биринчи толук метраждуу фильм болмокчу. Юлия Пересилдь астронавтты куткаруу үчүн орбитага жөнөтүлгөн медкызматкердин ролун аткарат.