Орусиялык киноэкипаж космостон Жерге аман-эсен кайтып келди (видео)

Орус актрисасы Юлия Пересилдь, кинорежиссер Клим Шипенко жана космонавт Олег Новицкий менен «Союз МС-18» космос кемесинин түшүүчү машинасы Казакстандын талаасына конду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Конуу бүгүн эртең менен Жезказган шаарынан 148 чакырым алыстыкта ​​болгон. Экипаждын мүчөлөрү Эл аралык космос станциясында (ЭКС) алар 12 күн бою көркөм тасма тартуу үчүн болушкан. 

«Люктардын герметикалык жактан ишенимдүүлүгүн текшерген соң «Сокол-КВ-2» авариялык-куткаруучу скафандрларды кийип, экипаж МКСтен саат таңкы 4:14тө бөлүнүп чыккан. Ал эми саат 6:42де кыймылдаткычты иштетип, орбитадан акырындык менен чыга баштады. Мындан соң «Союз» өзүнчө бөлүктөргө ажырап, анын кое берүүчү аппараты акырындык менен атмосферанын тыгыз катмарына кирди. Көп өтпөй негизги парашют ачылып, саат 7:35те экипаж «Ю.А. Гагарин» аппараты менен Казакстандын Жезказган шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 148 чакырым аралыктагы талаага аман-эсен келип конду», — деп айтылат маалыматта. 

Биринчи жолу «Чакырык» тасмасынын үстүндө иштөө ЭКСте өттү. Бул космосто тартылган биринчи толук метраждуу фильм болмокчу. Юлия Пересилдь астронавтты куткаруу үчүн орбитага жөнөтүлгөн медкызматкердин ролун аткарат.