Орусиялык актёр, режиссёр Владимир Меньшов коронавирустан каза болду

Белгилүү актёр, режиссёр Владимир Меньшов 81 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда  «Мосфильмдин» басма сөз кызматынан билдиришти.

“Советтик жана орусиялык көрүнүктүү кинорежиссёр, актёр, сценарист, продюсер, Мосфильмдин директорлор кеңешинин мүчөсү 81 жашында коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумду», — деп айтылат маалыматта. Андан тышкары ал жакында эле жүрөгүнөн операция болгону дагы маалым болду. Владимир Меньшовдун ооруканага жубайы менен кошо жаткырылганы июнь айынын аягында маалым болгон. Маркумдун кызы, алып баруучу Юлия Меньшова бүгүн өзүнүн Инстаграм баракчасында режиссёрдун каза болгонун ырастап, “Бүттү… бүттү… бүттү…» деп пост чыгарды.

Владимир Меньшов 117 тасмага тартылып, 7 фильмге режиссёрлук кылган. Андан тышкары мугалим болуп да эмгектенген. «Москва көз жашка ишенбейт» тасмасы үчүн «Оскар» сыйлыгынын «Эң мыкты чет тилдеги тасма» сыйлыгынын ээси (1981).