Орусиялык модельер Валентин Юдашкин 59 жашында көз жумду

Орусиялык модельер Валентин Юдашкин 59 жашында рак оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жубайына шилтеме берип жазышты. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрү рак менен күрөшүп келген.

Ал кечээ эле журналисттер менен байланышка чыгып, Вячеслав Зайцевдин каза болушу тууралуу кеп кылган.

Юдашкин 1963-жылы туулган. Ал советтик жана орусиялык модельер, Орусиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, ошондой эле Орусиянын Көркөм академиясынын академиги.