Орусиялык модельер Вячеслав Зайцев 86 жашында көз жумду

Белгилүү советтик жана орусиялык модельер Вячеслав Зайцев кечээ, 30-апрелде 86 жашында көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Модельерди алгач ичине кан толуу менен Щелководогу ооруканага жеткиришкен. Алар томографиядан өткөрүп, реанимацияга жаткырышкан. Саат 21:00дө каза болгон.

Ал атактуулукка жеткен алгачкы советтик модельер катары таанымал. Тагыраагы батыш дизайнерлери сыяктуу бренд курган алгачкы модельер болгон. Ошондой эле көптөгөн орусиялык маданият жана искусство ишмерлеринин кийимин образын түзүп берген.