Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский 75 жашында каза болду

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин билдирди.

Буга чейин саясатчы 25-мартта каза болгону төгүндөлгөн. 2-февраль күнү ал эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылып, 9-февралда ИВЛ аппаратына туташтырылган. Анын абалы бир жакшырып, кайра начарлап жаткан.

Владимир Жириновский 1946-жылы Казакстандын Алматы шаарында туулган. Ал 25-апрелде 76 жашка толмок. Владимир Жириновский 1993-жылдан бери Орусиянын Мамлекеттик думасынын бардык чакырылыштагы депутаты, 2011-жылдан бери ЛДПР фракциясынын лидери болуп келген.