Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский каза болгону төгүндөлдү

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский бүгүн, 25-мартта саат 10:45те каза болду деген маалымат төгүнгө чыгарылды. Анын соңку суткада комага түшүп калганын буга чейин орусиялык ЖМКлар жазып чыгышкан эле. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен анын абалы туруктуу экенин, дарыгерлер колдон келген жардамын көрсөтүп жатышканын билдиришти.

2-февраль күнү ал эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылып, 9-февралда ИВЛ аппаратына туташтырылган. Анын абалы бир жакшырып, кайра начарлап жаткан.