Орусиялык теле алып баруучу Иван Ургант коронавирус жуктурду

Орусиялык теле алып баруучу Иван Ургант коронавирус инфекциясын жуктурганын жарыялады.

«Твиттердин ылдамдыгын текшерүү. Менде коронавирус. Байланыштын аягы», — деп твиттердеги баракчасына жазды. Ал 2 сааттан кийин «Тынчсызданып жатканыңыздарга рахмат. Мен обочолонуу режиминдемин. Өзүмдү жакшы сезип жатам» деген билдирүү калтырган.

Ал «Биринчи каналдагы» «Кечки Ургант» («Вечерний Ургант») программасынын алып баруучусу.