Орусиялык ырчы Борис Моисеев 69 жашында каза болду

Орусиялык жана советтик ырчы Борис Моисеев 69 жашында каза болду. Бул тууралуу Максим Галкин жазды.

Маалыматтарга караганда, ал буга чейин эки жолу инсульт алган.

Борис Моисеев 1954-жылы 4-мартта Белорус ССРинин Могилев шаарында туулган. Ал Орусиянын «Овация» жана «Алтын граммофон» музыкалык сыйлыктарынын бир нече жолку лауреаты болгон.