Орусиялык ырчы МакSим оор абалда. Ал комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган

Орусиялык ырчы МакSим (Марина Абросимова) пневмонияга кабылып оор абалда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Учурда ырчыны Москвадагы ооруканалардын биринде комада жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. “Ырчыга өпкөнүн кагынуусу диагнозу коюлган. Коронавируска кабылышы мүмкүн, бирок тесттин жыйынтыгы – терс көрсөткүчтү көрсөтүп жатат”, — деп берилген маалыматта.

Мындан бир нече күн мурда ырчы Москвадагы менчик клиникалардын бирине жаткырылган. Анын өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркаган. Учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.