Орусиялык ырчы МакSимдин абалы оор бойдон, өпкөсү 75 пайызга чейин жабыркаган

Орусиялык ырчы МакSимдин өпкөсү 75 пайызга чейин жабыркаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. Ырчы өпкөсүнүн эң көп бөлүгү жабыркаган коронавирус менен ооругандардын CT-4 тобуна которулду.

Акыркы маалыматтарга караганда, атактуу дале жасалма дем алдыруучу аппаратка туташып, комада жатат. Билдирүүдө айтылгандай, ырчынын коронавирус диагнозу тастыктала элек. «Маринанын абалы азыр оор бойдон калууда. Өпкө оорусунун пайызы чындыгында жогорулап, ал дагы деле болсо дары-дармек менен уктоодо. Ырчы 24 саат бою медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө», — деп билдирген ырчынын жакындары.

Ырчы 11-июнда өзүн жаман сезип, 19-июнда өтө турган концертин дагы токтотууга аргасыз болуп, кийин ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй, анын Москвадагы ооруканалардын биринде комада экендиги жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы маалым болгон.