Орусиялыктар Кыргызстанды дос он өлкөнүн бирөөсү деп эсептешет

Орусиялыктар өлкөнүн башкы үч досу деп Беларус, Кытай жана Казакстанды эсептешет. Бул тууралуу “Левада-борборунун” соңку сурамжылоосунда белгилүү болду. Анда Беларусту дос мамлекет деп суралгандардын 58 пайызы атады. Биринчи ондукка ошондой эле Армения, Индия, Азербайжан, Кыргызстан, Сирия, Германия жана Куба кирди.

Ал эми дос эмес дегендердин сап башында АКШ жайгашты. Респонденттердин 66 пайызы ошентип жооп беришкен. Экинчи орунда Украина, андан кийин Улуу Британия турат. Бул тизмедеги ондукта Прибалтика өлкөлөрүн, Польша, Германия, Грузия жана Чехияны көрсө болот.

Социологдор белгилешкендей, орусиялыктардын АКШга мамилеси акыркы айларда кескин начарлап кетти. Мартта Американы «жаман» деп атагандар 42 пайыз болсо, майда 54 пайызга жетти. Суралгандардын 83 пайызы Орусиянын душмандары бар деген жообун узатышты.

Элдин пикирин 2016-жылдан бери сурамжылап келаткан «Левада-борборун» орус бийлиги «чет өлкөлүк агент» деп тааныган. Уюм буга макул эмес.