Америка кошмо штаттарынын президенти Жо Байдендин Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди «киши өлтүргүч» деп сындагандан кийин кечээ, 21-мартта АКШдагы Орусиянын элчиси Анатолий Антонов Кремлге келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, элчи Анатолий Антонов 21-март күнү таңга маал Москванын Шереметьево аба майданына конгон. Ал Путин менен Байдендин ортосундагы кайым айтышуусуна байланыштуу шашылыш чакыртылган.
18-мартта АКШнын президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путинди сезими жок, мерез, киши өлтүргүч деп эсептерин Американын «ABC News» каналына берген маегинде билдирген. Эртеси эле Путин Байденге жооп кайтарып, «ким эмне десе, өзү ошондой» деп айткан.












