Орусиянын делегациясы Беларуста Украина менен сүйлөшүүлөрдү күтүп жатат

«Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска барды жана аны Гомелде баштоого даяр». Бул тууралуу «РИА Новости» Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди.

Белгиленгендей, орусиялык делегациянын курамында Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Орусия Федерациясынын башка ведомстволорунун, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү бар. «Орусия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат», — деди Дмитрий Песков.

Өз кезегинде Беларустун Тышкы иштер министрлиги Минск Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн зарыл болгондун баарын даярдап, протоколдук маселелердин чечилишин камсыздаганын билдирди.