Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага аскердик сокку кылбаганын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратып, Украинага аскердик сокку кылбаганын билдирди.

«Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларын көздөй эч кандай ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку кылган жок», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Украинанын ири шаарларында жардыруу болуп жатканы маалымдалып, сүрөт, видеолор тараган.