Орусиянын Коргоо министрлигинен Украинанын 821 аскердик объекти жок кылынганын билдиришти

Аскердик операция башталгандан бери Украинанын 821 аскердик объекти жок кылынганын Орусиянын Коргоо министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү жарыялады.

Талкаланган аскердик инфраструктуранын ичинде 14 аскердик аэродром, 19 башкаруу пункттары менен байланыш түйүндөрү, 24 зениттик ракеталык комплекс, 48 радиолокациялык станция бар. Андан тышкары 7 согуштук учак, 7 тик учак, 9 учкучу жок учуучу аппарат, 8 аскердик катер жарактан чыгарылганы айтылат.