Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт. Бул тууралуу Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин көп аялдуулукка байланыштуу чыгарылган фатваны түшүндүрүп Телеграм-каналына жазды.
Негизги максат аялдар менен балдарды коргоого багытталганын айткан Орусиянын муфтийи «мындай никеде төрөлгөн балдардын аталары аялдарын мамлекеттен жөлөк пул алууга аргасыз кылбай, аларды толук камсыз кылуусун талап кылабыз» дейт.
Буга чейин орусиялык Аалымдар кеңеши мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей мамиле кылган учурда төрт никеге чейин кыйдырууга макул болгон.
Аталган фатвада — күйөөсү аялдарын материалдык жактан бирдей (ар бир аялга өзүнчө үй алып берүү, жубайларына убакытты тең бөлүү) камсыздашы керек деп жазылат. Көп аялдуулукка жубайы төрөй албай калган же төрөгүсү келбеген учурда, репродуктивдүү маалдын бүтүшүндө же төшөк мамилесинде келишпестик болгондо жол берилет. Күйөөсү жаңы аял алууну көздөп жатканы тууралуу өзүнүн аялына айтууга милдеттүү. Ошондой эле эркек жаңы аялынын балдарын асырап алууга жана аларга мурас калтырууга милдеттендирилет.