Орусиянын өкмөтү аталган өлкөгө карата достук эмес аракеттер жасалган чет өлкөлүк мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекитти.
Тизмеге төмөндөгүлөр кирди:
— Австралия;
— Албания;
— Андорра;
— Улуу Британия;
— Европалык союзга кирген өлкөлөр;
— Исландия;
— Канада;
— Лихтенштейн;
— Микронезия;
— Монако;
— Жаңы Зеландия;
— Норвегия;
— Түштүк Корея;
— Сан-Марино;
— Түндүк Македония;
— Сингапур;
— АКШ;
— Тайвань;
— Украина;
— Черногория;
— Швейцария;
— Япония.
Орусиянын президенти кол койгон жарлыкка ылайык, жогорудагы дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине кирген чет жердик кредиторлордун алдында орусиялык жарандардын жана компаниялардын валюталык милдеттемелери бар болсо, анда аны рубль менен төлөсө болот.