Орусиянын өкмөтү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Алардан алынган ири карызды рубль менен төлөөгө болору айтылды

Орусиянын өкмөтү аталган өлкөгө карата достук эмес аракеттер жасалган чет өлкөлүк мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекитти.

Тизмеге төмөндөгүлөр кирди:
— Австралия;
— Албания;
— Андорра;
— Улуу Британия;
— Европалык союзга кирген өлкөлөр;
— Исландия;
— Канада;
— Лихтенштейн;
— Микронезия;
— Монако;
— Жаңы Зеландия;
— Норвегия;
— Түштүк Корея;
— Сан-Марино;
— Түндүк Македония;
— Сингапур;
— АКШ;
— Тайвань;
— Украина;
— Черногория;
— Швейцария;
— Япония.

Орусиянын президенти кол койгон жарлыкка ылайык, жогорудагы дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине кирген чет жердик кредиторлордун алдында орусиялык жарандардын жана компаниялардын валюталык милдеттемелери бар болсо, анда аны рубль менен төлөсө болот.