Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри адам өмүрүн сактайм деп каза болду

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев Норильскте машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Министр кызмат учурунда адамдын өмүрүн сактап көз жумду. Маргарита Симонян Фейсбуктагы баракчасында Евгений Зиничев оператор менен устундун четинде турганын, оператор тайгаланып сууга түшүп кеткенин жазган. «Күбөлөр жетиштүү болчу — эч ким эмне болгонун түшүнүүгө үлгүргөн жок, Зиничев сууга чуркап түшүп, ташка урунду», — деп жазган ал.

Ал 1966-жылы туулган. Ал бул кызматты 2018-жылдан бери аркалап келчү.